«Чукул жардамга муктаждык бар»
Антонио Гутеррес Африка континентиндеги качкындардын жылдын акырына чейин азык – түлүк муктаждыгынын камсыз кылынуусу максатында 186 миллион долар чукул жардам талабын билдирди
БУУ Африкадагы азык – түлүк тартыштыгынан улам континенттеги 800 миң качкын үчүн чукул жардам берүүгө чакырды. БУУнун Женева офисинде өткөрүлгөн маалымат жыйында Дүйнөлүк азык – түлүк программасынын төрагасы Ертхарин Кузен жана БУУнун качкындар жогорку комиссары Антонио Гутеррес Африка континентиндеги качкындардын жылдын акырына чейин азык – түлүк муктаждыгынын камсыз кылынуусу максатында 186 миллион долар чукул жардам талабын билдирди.
Кузен : «Африка континентиндеги качкындардын көпчүлүгү Дүйнөлүк азык – түлүк программасы таркаткан азык – түлүк материалына көз каранды болуп жашашууда, бирок азыр финансылык кыйынчылыктан улам ачкачылык менен бетме – бет келүүдө»,- деди.
Түштүк Судан жана Борбордук Африка республикаларындагы акыркы абалдан тынчсызданганын айткан Гутеррес болсо : «Түштүк Суданда жамгыр сезону да башталган бул мезгилде жакынкы учурда тынчтык чөйрөсү түзүлө албаса өлкө ичинде азык – түлүк коопсуздугу боюнча абдан чоң маселе чыгышы мүмкүн»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719142234)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719142234)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.