Тикрит шаары ИШИМден кайра кайтарылып алынды

Аль-Иракиеде Ирактын армия бөлүктөрү менен куралчан топтордун ортосунда кагылышуулар болуп 60 куралчан киши каза болгону билдирилди.

110554
Тикрит шаары ИШИМден кайра кайтарылып алынды

Ирактын түндүгүндөгү Салахаддин облусунун губернатору Ахмед Абдуллах ал-Жубури Тикрит шаарынын Ирак-Шам Ислам мамлекети (ИШИМ) уюмунун жол башчылыгындагы куралдуу топтордон кайра алынганын жарыялады.
Губернатор Жубури: «Абадан коштолгон Ирак армиясы төрт тараптан курчап Тикритти ИШИМ баштаган куралчан топтордон кайра алды. Ушул убакта шаардын борборуна атайын күчтөр жайгаштырылган абалда»,-деди.
Бир тараптан Ирактын жарым расмий телеканалы Аль-Иракиеде Ирактын армия бөлүктөрү менен куралчан топтордун ортосунда кагылышуулар болуп 60 куралчан киши каза болгону жана армия бөлүктөрүнүн губернаторлуктун имаратын каратып алганы белгиленди.
Көргөн күбөлөр армия бөлүктөрү менен куралчан топтордун ортосундагы кагылышуулардын түндүк тарапта тыгыздашканын сөз кылышты.
Бир топтон бери болуп жаткан кагылышуулар жана бийлик боштугу болгон өлкөдө, Ирак-Шам Ислам мамлекети (ИШИМ) уюму жана айрым уруу күчтөрү, Мусул, Тикрит, Бакуба жана Телафер шаарларын көзөмөлгө алышкан. Аймактагы Анбар-ын Аль-Каим, Раве, Анех, Ратбе жана Хадисе райондору да ИШИМдин колуна өткөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар