Жоголгон учактан дайын жок

Изилдөө иштеринин 12 айга созулуусу күтүлүүдө

108448
Жоголгон учактан дайын жок

Австралия март айында Куала Лумпурдан Пекинге учуп баратып жок болгон жана бардык аракеттерге карабастан табыла албаган MH370  каттамындагы Малайзия жүргүнчү учагынын Инд океанынын түштүк жагынан дагы изилденерин билдирди. 

Австралиянын транспорт министри Уоррен Трасс 239 киши менен дайынсыз жок болуп кеткен учак үчүн жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин Австралиянын батыш жээктеринин 1800 километр жакынына жылдырылганын айтты. 

Трасс спутниктен алынган маалыматтардын каралып чыгылуусунан кийин океандын түбүндө 60 миң километр квадраттык бир аянттын изилденерин белгиледи. Жаңы аймакта август айында баштала турган изилдөө иштеринин 12 айга созулуусу күтүлүүдө. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар