Иракта жеринен ажырагандардын саны көбөйдү

Эдвардс Иракта үйлөрүн таштап кеткендердин жарымынан көбүнүн балдардан турганын маалымдады.

102492
Иракта жеринен ажырагандардын саны көбөйдү

Иракта жеринен ажырагандардын саны 1 миллионго чукулдап калды
Бул маалымат Бириккен Улуттар Уюмунан берилди.
Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку комиссардыгынын катчысы Адриан Эдвардс Иракта жылдын башынан баштап 500 миң кишинин Анбар аймагында болуп жаткан кол салуулардын себебинен, 500 миң кишинин болсо Ирак-Шам Ислам өлкөсү уюмунун Мусулду басып алуусунун себебинен үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушканын белгилеген.
Эдвардс Иракта үйлөрүн таштап кеткендердин жарымынан көбүнүн балдардан турганын маалымдады.
Катчы, Ирактын батышында сириялык качкындар баш калкалаган “Эл-Каем” лагеринин коопсуздугу темасында санааркап жаткандарын, бул лагердин айланасында кагылышуулар болуп жатканын сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар