Аскердик курал-жарак сактоочу жайда жарылуу болду

Кытайдын орто аймагындагы аскердик курал-жарак сактоочу жайдагы жарылуудан улам 17 киши каза болгондугу билдирилди

99193
Аскердик курал-жарак сактоочу жайда жарылуу болду

“Шинхуа” агенттигинин берген маалыматына карганда, жарылуу Хунан жергесинин Хынгянг шаарында, кечээ күнү аскерлер курал-жарак ташып жаткан учурда болгон.
Бийлик төбөлдөрү 17 аскердин өмүрүн алган жарылууда жарандардын жабыр тартпагандыгын айтышты.
Ошондой эле кырсыкка байланыштуу изилдөөнүн башталгандыгы тууралуу да маалымат беришти.
Эскерте кетсек, Кытай Эл Республикасы дүйнөдө 2,3 миллион аскер кызматы менен эн көп аскерге ээ.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар