Украинада бир күндүк аза күтүү...

Петр Порошенко 49 кишинин каза болгонунун себебинен бир күндүк аза күтүү жарыялады.

95503
Украинада бир күндүк аза күтүү...

Украианын президенти Петр Порошенко жикчилдер тарабынан атып түшүрүлгөн аскердик учакта 49 кишинин каза болгонунун себебинен бир күндүк аза күтүү жарыя кылды.
Порошенко ушундай түрдөгү террордук кыймылга аралашкан ар кимдин жазалана турганын баса белгиледи.
Бул кол салуу Украинада өкмөт менен жикчилдердин ортосунда көптөгөн айга созулган курч абал жана кагылышуулардагы эң көп кан төгүлгөн окуя болду.
Аскердик жүк ташуучу учактын коноор маалында чыгыштагы Луганскта атып түшүрүлүшү, жикчилдердин учак аткыч сыяктуу оор куралдарды кайдан алгандарын күн тартипке чыгарды.
Бир тараптан учактын атып түшүрүлүшүна нааразы болгон калк Киевдеги Орусиянын элчилигинин алдына чогулушту.
Орусияга каршы ураандарды чакырган митингчилер имаратка таш жана жумуртка ыргытышты.
Элчиликке таандык унаалар зыянга учурады...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар