Обама Ирак тууралуу билдирүү жасады
АКШнын президенти Барак Обама Ак үйдө жасаган билдирүүсүндө Иракка аскер жибербей тургандарын, башка жардам жолдорун табууга аракет кылышарын белгиледи
АКШ Ирак Дамаск Ислам Мамлекети террордук уюмунун кол салууларынын айынан бөлүнүү коркунучу ичиндеги Иракка кандай жардам берилерине бир канча күндүн ичинде чечим чыгарат.
АКШнын президенти Барак Обама Ак үйдө жасаган билдирүүсүндө Иракка аскер жибербей тургандарын, башка жардам жолдорун табууга аракет кылышарын белгиледи. «Бир канча күндүн ичинде абалга баа берилерин жана Конгресс менен кеңешип чечим чыгарам»,- деген Обама ИШИД уюмунун бир гана Ирак калкын эле эмес, Американы да коркутканын белгиледи.
Маселенин бир гана аскердик эле эмес экенин белгилеген Обама : «Тилекке каршы Ирак лидерлеринин бири бирине ишенбегенди жана сектанттык айырмачылыктарды жойо албады»,- деди. Обама : "Ирактыктардын бирдикте иштөөгө даяр экендери тууралуу бизге бир ишеним билдирилбеген чөйрөдө Америка аскердик кыймылда болбойт»,- деди.
Американын тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө болсо Иран да болуу менен Иракка коңшу өлкөлөрдүн кагылышууга, сектанттык бөлүүчүлүктөрдү көкүтө турга кыймылдарга кошулбашы керектиги баса белгиленди. Билдирүүдө Иран менен Ирак тууралуу сүйлөшүүнүн өткөнү, эки өлкөнүн арасындагы сүйлөшүүлөрдүн бир гана темасынын атомдук программанын чектелүүсү экени белгиленди. Пентагон да Иракта Иран төңкөрүш гвардиясы да бар деген кабарларды ырастай турган абалда эмес экенин билдирди. Американын коргонуу министрлигинин жетекчилери Пентагондун Перс булуңуна учак кемесин жиберерин билдирди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.