АКШ Ирактагы исламчыл согушкерлердин кол салуусун айыптады
Америка Кошмо Штаттары, «Ирак Шам ислам мамлекети» аттуу террордук уюмдун Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугуна кол салуусун катуу айыптады.
Ак үйдүн катчысы Жош Эрнестр бул уюмдун Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугун басып алышын айыптагандарын билдирди.
Исламчыл согушкерлер тарабынан барымтага алынган башкы консулдуктун кызматкерлери жана коопсуздук кызмакерлеринин дароо эркин кое берилиши чакырыган салган Эрнест: «Түркия-Ирак өкмөттөрү менен сүйлөшүп жатабыз жана жардам көрсөтүүгө да даярбыз»,-деп айтты.
АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки да, мамлекеттик катчы Жон Керринин тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөндөрүн белгилеп: «Мусулда курчуп бараткан коопсуздукка жана Исламчыл согушкерлердин Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугуна кол салуусуна капа болгондорун айткандарын билдирилди.
Кол салууну катуу айыптагандарын айткан Псаки: «Качырылып кеткен түрк дипломатиялык кызматкерлеринин дароо эркин кое берилишине карата Түркия менен эл аралык коомчулуктун чакырыктарына кошулабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.