ИШИД көзөмөлдү колго алды

ИШИДдин мүчөлөрү шаардын толугун колго алыш үчүн коопсуздук күчтөрү менен кагылышуусун улантканы белгиленди.

89664
ИШИД көзөмөлдү колго алды

Иракта террордук уюм Ирак Дамаск Ислам мамлекети (ИШИД) Мусул аэропорту менен шаардагы айрым аймактардын көзөмөлүн колго алганы белгиленди.
ИШИДдин колуна өткөн жерлердин арасында шаардын түштүгүндөгү Эт-Таяран мааласында орун алган Нивева операция имараты, губернаторлук жана полиция директорлугу имаратынын да орун алганы белгиленди.
Коопсуздук маалымат каражаттары көзөмөлү ИШИДдин колуна өткөн аймактардагы өкмөт жооптууларынын шаарда ишке ашырылган көчөгө чыгууга тыюу салганына карабастан үй-бүлөлөрү менен кача баштаганын сөз кылышты.
ИШИДдин мүчөлөрү шаардын толугун колго алыш үчүн коопсуздук күчтөрү менен кагылышуусун улантканы белгиленди.
Бир тараптан Мусулдун ИШИДдин көзөмөлүнө өткөн аймагында берүүсүн уланткан Сема жана Нинева аль-Гад телеканалдарынын эфири токтоду.
Уюмдун мүчөлөрүнүн айрыкча Бадуш абагына жасаган кол салуусунун жыйынтыгында 3 миң камактагынын качып чыкканы билдирилди.
Бул учурда Мусул жана Эрбилдин ортосундагы жолдун коопсуздук себеби менен Аймактык күрт башкаруусуна таандык күчтөр тарабынан жабылгандыгы белгиленди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар