Cирияда шайлоону Асад жеңип алды

Европа Биримдиги шайлоону мыйзамсыз деп мүнөздөдү.

84210
Cирияда шайлоону Асад жеңип алды


Сирияда мыйзамдуулук талаштарынын көлөкөсүндө өткөрүлгөн мамлекет башчылык шайлоолорунун жыйынтыктары жарыяланды.
Парламент төрагасы расмий болбогон жыйынтыктарга ылайык Асаддын добуштардын 88,7 пайызына ээ болгонун жарыялады.
Парламент төрагасы шайлоого катышуунун 73,42 пайыз болгонун сөз кылды.
Европа Биримдиги шайлоону мыйзамсыз деп мүнөздөдү.
Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон шайлоолордун Сириядагы «коркунучтуу» маселеге чечим табуу максаттуу саясий аракеттерге зыян тийгизгенин белгилеп: «Европа Биримдиги, бул шайлоолорду мыйзамсыз деп табууда»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар