Дүйнөдө качкындардын саны ылдам өсүп баратат
Бул белгилөө Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку комиссарлыгы менен Норвегиянын качкындар кеңеши тарабынан даярдалган отчетто орун алды.
Дүйнө жүзүндөгү жарандык согуштардын себебинен качкын абалга түшкөндөрдүн саны өткөн жылы 8 миллион 200 миңге көбөйүп, 33 миллиондон ашты.
Бул белгилөө Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку комиссарлыгы менен Норвегиянын качкындар кеңеши тарабынан даярдалган отчетто орун алды.
Анда качкындар кризиси 1990-жылдандан бери эң орчундуу деңгээлге жеткени белгиленген.
Отчетто жарандык согуштун себебинен үйлөрүн таштап кеткендердин башында сириялыктар турат. 8 миллион 200 миң кишиден 3,5 миллиону сириялыктар.
Сирияда жарандык согушта 4 жыл бою үйлөрүнөн жаырагандардын саны 6,5 миллионго жеткен. Статистикалар Сирияда ар бир мүнөт сайын бир үй-бүлөнүн жарандык согуштан качканын көрсөтүүдө.
58 өлкөнү камтыган изилдөөдө өлкө ичинде мажбур жер которуу Сирия менен катар басымдуу түрдө Колумбия, Нигерия, Демократиялык Конго Республикасы жана Суданда күчөгөн.
БУУнун Женева кеңсесиндеги маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гутеррес бул көрсөткүчтөрдөгү жогорулоого ар кимдин сар-санаа болушу керектигин сөз кылды.
Гетррес: «Бул чоң азаптарды жоюу үчүн бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз бар»,-деп айтты.
Норвегиянын баш калкалоо кеңешинин баш катчысы Ян Эгеланн да абалдын 1990-жылдарда болгон Руанда жана Босния геноциддеринде 28 миллион кишинин жеринен ажыраган абалдардан дагы жаман экендигин айтты.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719124105)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719124105)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.