Эмруллах Ишлер бүткүл дүйнөнү Палестинаны коргоого чакырды

Эмруллах Ишлер Түркиянын Иерусалимди колдоого алыш үчүн жол башчылык кыла турганын айтты.

67617
Эмруллах Ишлер бүткүл дүйнөнү Палестинаны коргоого чакырды

Вице-премьер Эмруллах Ишлер бүткүл дүйнөнү Палестинаны коргоого чакырды.
Эмруллах Ишлер 2014-жылы Палестина калкы менен эл аралык колдошуу жылынын алкагында Түркияда кечээ өткөрүлгөн Эл аралык Иерусалим жыйналышына катышты.
Эмруллах Ишлер жыйналышта: «Палестина маселеси- негизинен басып алууну жоюу, палестиналык туугандарыбыздын көп жыл бою тебеленген негизги укук жана эркиндиктерине жетүү маселеси болуп саналат»,-деди.
Түркиянын Иерусалимди колдоого алыш үчүн жол башчылык кыла турганын айткан Ишлер, бүткүл дүйнөнү бул теманы колдоого алууга чакырды.
Эмруллах Ишлер: «Адамзаттыктын орток байлыгы болгон Иерусалимди мусулман жана христиан бардык диндеги жана маданияттагы дүйнөлүк жарандардын коргошу зарыл. Бул багытта Түркия Бириккен Улуттар Уюму жана Ислам Кызматташтык Уюмунун Иерусалим темасында көтөрө турган демилгесин колдоого алып, керек болсо жол баштайт»,-деп айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар