АКШ сириялык оппозициячылдарга өкүлдүк ачуу уруксатын берди

Обама бийлиги коалицияны 2012-жылдын декабрь айында Сирия калкынын мыйзамдуу өкүлү катары тааныган.

63365
АКШ сириялык оппозициячылдарга өкүлдүк ачуу уруксатын берди

АКШ сириялык оппозициячылдарга дипломатиялык миссия түзүүгө уруксат берди
АКШнын мамлекеттик катчылыгынан Сириянын оппозиция жана төңкөрүшчүл күчтөр улуттук коалициясынын өлкөдө расмий болбогон байланыш кеңсесинин статусунун өзгөртүлүп расмий дипломатиялык миссия ачууларына уруксат берди.
Обама бийлиги коалицияны 2012-жылдын декабрь айында Сирия калкынын мыйзамдуу өкүлү катары тааныган.
Жаңы кеңсе элчилик статусунда болбойт, ал эми АКШнын мыйзамынын астында «чет өлкөлүк миссия» катары мүнөздөлөт.
Статусту жогорулатуу чоң өлчөмдө символикалык болсо дагы мамлекеттик катчылыктын жооптуулары, мунун оппозициячылдардын көптөн бери күткөнү болгонун белгилеп, жаңы статустун оппозициячылдарга Вашингтондо үнүн дагы бийик чыгарууну камсыздай турганын баса белгиледи. Обама бийлиги оппозициячыл топторго карай айрыкча 27 миллион доллардык өлтүрүүчү мүнөздө болбогон аскердик жардам берет. Бул сан менен бирге Вашингтон бийлигинин 4 жыл мурда башталган жана 150 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган согушта сириялык оппозициячылдарга жардамы 287 миллион долларга жогорулаган болот.
Борбор шаар Вашингтонго барган Сириянын оппозициячылдар комитетинин төрагасы Ахмет аль-Жарба жана аны коштогон делегациянын 14-майга чейин созула турган сапары убагында АКШнын мамлекеттик катчылыгы ушундай кадам таштады.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар