Чоң сегиздиктин жыйыны Орусиясыз өткөрүлөт

126119
Чоң сегиздиктин жыйыны Орусиясыз өткөрүлөт

Биринчи жолу Орусия катышпай турган Чоң сегиздиктин жыйыны 5-6-майда өткөрүлөт.
Украина жана Крым кризисинин себебинен Орусияны Чоң сегиздиктин жыйындарына катыштырбаган Германия, Англия, Франция, Италия, АКШ, Канада жана Япония Чоң жетилик катары 5-6-майда Римде чогулушат. Адистер энергетика министрлери гана катыша турган жыйында Европа Биримдигинин Орусияга болгон энергетика көз карандылыгынын азайтылуусунун негизги күн тартипти түзөөрүн күтүшүүдө.
Орусия дүйнөнүн өнүккөн 8 өлкөсүнөн турган топко 1998-жылы кошулган. 24-мартта Гаагада чогулган Германия, Франция, Италия, АКШ, Канада жана Япониянын лидерлери Крымды бир жактуу түрдө кошуп алганы боюнча Орусияны бул топтон чыгарып, июнда Сочиде өтө турган Чоң сегиздиктин лидерлеринин саммитинин да Брюсселде өткөрүлүүсүнө чечим чыгарышкан болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар