Дүйнөнүн эң картаң кишиси

Италияда жашаган, дүйнөнүн эң картаң кишиси Эмма Морано бир айдын ичинде 117 жашына кирет. Туулган күнүнө эч кимди чакырбаса да 19 -  кылымда төрөлгөндүгү билинген кишинин туулган күнүн дүйнөнүн төрт тарабынан кишилер куттуктоону каалап жатат. Бул жашка келишинин себебин күндө эки жумуртка жегенге байланыштырган Эмма тамаша менен күн сайын печенье жегендигин да айтып, бирок көп эмес, себеби тишим жок деп кошучалады.  


Этикеткалар: