Түркия Европада аба мейкиндиги эң жыш 3 - өлкө болду

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу темага байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2153891
Түркия Европада аба мейкиндиги эң жыш 3 - өлкө болду

Түркия Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) 15 -июндагы көрсөткүчтөрүнө караганда уюмга мүчө 41 өлкөнүн арасында навигация кызматын көрсөткөн 5 миң 573каттам менен аба мейкиндиги жыш 3 - өлкө болду.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түркиянын бардык транспорт түрлөрү менен бирге аба жолдоруна да салган инвестициясы менен дүйнөдө жана Европада сөз ээси өлкөгө айланганын белгиледи.

Инвестициялардын натыйжасында Түркиянын авиация тармагында маанилүү бир трансфер борбору болгондугун белгилеген министр Уралоглу : «Жай мезгилинин башталышы менен аэропортторубузда олуттуу жыштык болууда. Түркиядагы аба каттамдары күн өткөн сайын өсүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар