АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.

Америка Кошмо Штаттарынын Нью - Мексико штатындагы Руидосо кыштагынын айланасында кечээ башталган жана тездик менен жайылган токой өрттөрүнөн улам аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.
Нью - Мексиконун губернатору Мишель Лужан Гришам Руидосо жана коңшу конуштарды камтыган өзгөчө кырдаал жарыялагандарын жана аймакка кошумча Улуттук гвардиянын аскерлерин жибергендерин билдирди.
Гришам өрттөн 500дөн ашуун имараттын жабыркап, бир кишинин каза болгондугун айтты.
Губернатор Гришам эки өрттүн жалпысынан 80 чарчы километрден ашык токой аянтын жок кылганын билдирди
Өрттөн улам коопсуздук максатында аймактын чоң бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлдү.
Аймактан 121 километр алыстыкта жайгашкан Розуэлл шаарында көптөгөн эвакуация борборлору курулду.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек, бирок адамдын себепкер болгондугуна байланыштуу шектенүүлөр бар.