Йерликая : «Террор жана кызматташтарына каршы операцияларыбыз үзгүлтүксүз уланат»

Ички иштер министри Али Йерликая Диярбакыр Лижеде жүргүзүлгөн «Боздоган-40» операциясында боз категорияда издөөдө жүргөн террорист «Софи»  код атту Мехмет Йылдырымдын жок кылынганын жарыялады.

2144019

Министр Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө операциянын Диярбакыр облустук жандармерия командирлиги, жандармериянын чалгындоо башкармалыгы, террор менен күрөшүү бөлүмү жана Улуттук чалгындоо уюмунун  директорлугунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Коопсуздук күчтөрү менен террористтин ортосунда кагылышуу болгонун белгилеген Йерликая кагылышууда Ички иштер министрлигинин издөө тизмесинде боз категорияда орун алган «Софи» код аттуу  Мехмет Йылдырымдын жок кылынганын билдирди. 

Министр Йерликая террорист Йылдырымдын 6 башка кол салуунун аткаруучуларынын бири экени аныкталганын айтты.

Йерликая : «Террор жана кызматташтарына каршы операцияларыбыз үзгүлтүксүз уланат»,-деди.

Тектеш кабарлар