"Чеңгел - Кулпу" операциясында бир аскер шейит болду

Бул туралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.

2154739
"Чеңгел   - Кулпу" операциясында бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  -  Кулпу"  операциясы аймагында бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта бүгүн операция аймагындагы издөө аракеттери   учурунда террордук уюмдун мүчөлөрү менен чыккан кагылышууда жөө аскер, офицер - сержант Мехмет Али Хороздун  шейит болгону билдирилди.

Билдирүүдө чыккан кагылышууда 3 террористтин жок кылынгандыгы, операциялардын да улантылып жаткандыгы белгиленип : "Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтын ырайымын, кайгылуу үй  - бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен улутубузга көңүл айтабыз",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар