Седат Өнал АКШ менен "бекем достукту" өнүктүрүүгө убада берди

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Седат Өнал кызмат учурунда АКШ менен Түркиянын ортосундагы «бекем достук жана кызматташтыкты» өнүктүрүүгө убада берди.

2143833
Седат Өнал  АКШ менен "бекем достукту" өнүктүрүүгө убада берди

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Седат Өнал кызмат учурунда АКШ менен Түркиянын ортосундагы «бекем достук жана кызматташтыкты» өнүктүрүүгө убада берди.

Элчи Өнал Түркиянын Вашингтондогу элчилиги жана Вашингтон Түрк-Америка коому (ATA-DC) менен биргеликте «Түрк ашканасы жумалыгы» үчүн уюштурулган кабыл алууда сөз сүйлөп : «Борбор шаар Вашингтондогу максатым бул бекем достукту жана кызматташууну өнүктүрүп, көптөгөн жылдардын ичинде АКШ менен түзгөн бекем карым  - катнашты дагы да алдыга жылдыруу»,- деди.

Маданий карым - катнаштарга да токтолгон Өнал ашпозчулук салтынын дипломатиянын маанилүү бир бөлүгү экендигин белгилеп, бул жуманын түрк ашканасынын түрдүү үлгүлөрү көргөзмөгө коюлган Түрк ашканасы жумалыгы катары белгиленип жаткандыгын айтты.

Элчи Өнал : «Түркия катары биз гастрономия жана ашкана жагынан бул мураска ээ болгонубузга кубанычтабыз, анткени Орто Азиядан Кавказга, Жакынкы Чыгышка, Балкандарга, Эгейге жана Жер Ортолук деңизге чейин кеңири географиянын таасири астында болгонубуз үчүн бактылуубуз. Бардык  бул аймактардын таасири жана миңдеген жылдардан бери келе жаткан мурастын ээсибиз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар