"Боздоган - 44" операциясында 4 террорист жок кылынды

Шырнактын Бейтүшшебап районунун элетинде жүргүзүлгөн "Боздоган  - 44" операциясында  бирөөсө кызгылт сары, экөөсү боз категорияда орун алган  4 террорист жок кылынды.

2154618
"Боздоган  - 44" операциясында  4 террорист жок кылынды

Шырнактын Бейтүшшебап районунун элетинде жүргүзүлгөн "Боздоган  - 44" операциясында  бирөөсү кызгылт сары, экөөсү боз категорияда орун алган  4 террорист жок кылынды. 

Ички иштер министри Али Йерликаянын социалдык тармактан берген билдирүүсүнө караганда операицияга аба күчтөрү командирлигинин  АТАК чабуул коючу тик учактары, Жандармериянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын колдоосунда Жандармериянын атайын операциялары, Жандармерия командирлигинин бөлүктөрү жана коопсуздук күчтөрү катышты.

Бейтүшшебап элетиндеги  жикчил террордук уюмга мүчө террористтер менен катуу кагылышуу болду.

Кагылышуу учурунда террордон изделгендер тизмесинде   кызгылт сары категорияда издөөдө жүргөн Басри Чин, боз категорияда издөөдө жүргөн Сефер Темел жана Йылмаз Сала да болгон жалпы 4 террорист куралдары менен жок кылынды.

 



Тектеш кабарлар