Эрдоган : "Тең салмактуу бир система үчүн бирдикте иштешибиз керек"

Эрдоган Стамбул Лүтфи Кырдар Эл аралык конгресс жана көргөзмө сарайында өткөн Албарака ислам каржы  саммитине катышып сөз сүйлөдү.

2144002
Эрдоган : "Тең салмактуу бир система үчүн бирдикте иштешибиз керек"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Эл аралык системада тең салмактуулук жоголуп, белгисиздик күчөп, туруксуздук жана хаос  дүйнөнүн басымдуу түсүнө айланды»,- деди.

Эрдоган Стамбул Лүтфи Кырдар Эл аралык конгресс жана көргөзмө сарайында өткөн Албарака ислам каржы  саммитине катышып сөз сүйлөдү.

Акыркы жылдарда дүйнөнүн тектүү алмашуу процессинен өткөндүгүн айткан президент Эрдоган : «Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин курулган экономикалык, аскердик жана саясий системанын негиздери ар бир жаңы абал менен дагы катуу солкулдап жатат. Эл аралык системада тең салмактуулук жоголуп, белгисиздик күч алып, туруксуздук менен хаос дүйнөнүн түсү болгондугун так көрүп жатабыз. Коронавирус эпидемиясынын кесепеттери жок боло электе  Россия  -  Украина согушу чыгып, анын артынан 7 -  октябрда Газа кризиси келди»,- деди.

Эрдоган Израилдин сегиз айдан бери бардык адамзаттын көз алдында Газада кылган кыргындарын, глобалдык тартиптин алсыздыгын көрсөткөндүгүн жана мекемелерге болгон ишенимди солкулдатканын белгиледи.

Түркиянын бул абалга көптөн бери көңүл буруп жатканын баса белгилеген президент Эрдоган : «Глобалдык системанын бардык элементтери менен бүгүнкү күндүн чындыктарына ылайык кайра түзүлүшү керектигин айтып жатабыз. Дүйнө бештен чоң деген аныктамабыз системанын өзгөрүшүнө болгон чукул муктаждыкты көрсөтүүдө.  Россия  -Украина согушу жана Газа геноциди менен бирге карала турган абалга келди»,- деди.

Эрдоган : «Израилдин Газада 8 айга жакын убакыттан бери бүткүл адамзаттын алдында жасаган массалык өлтүрүүлөрү глобалдык тартиптин алсыздыгын ачыкка чыгарды жана бар болгон мекемелерге болгон ишенимди солкулдатты. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши башта болгон дүйнөдө тарипти түзүү боюнча жооптуу мекемелердин адилетсиз жана бурмаланган мүнөзү дагы бир жолу ортого чыкты», - деди.



Тектеш кабарлар