Алтун: "Израилдин жалган маалыматын ачыкка чыгаруудабыз"

Фахреттин Алтун, 45 миң бала, аял жана кары-картаңды өлтүргөн Израилдин жалган маалымат аркылуу чындыкты жашыруу аракетине реакция кылды.

2143880
Алтун: "Израилдин жалган маалыматын ачыкка чыгаруудабыз"

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун 45 миң бала, аял жана карыларды өлтүргөн Израилдин дезинформация бомбалоосу менен да чындыкты жок кылууга аракет кылып жатканын айтты.

Стамбулда быйыл экинчи жолу уюштурулган «Баб-и Али Окулу» программасында сөз сүйлөгөн Алтун, программанын быйылкы негизги темасынын дезинформация коркунучу жана күрөшүү стратегиялары экенин белгиледи.

Фахреттин Алтун, 45 миң бала, аял жана кары-картаңды өлтүргөн Израилдин жалган маалымат аркылуу чындыкты жашыруу аракетине реакция кылды.

Түркиянын Израилдин жалган маалымат саясатына жана стратегиясына каршы абдан катуу күрөшүп жатканын баса белгилеген Алтун: «Түркиянын күчтүү үнү жеңип жатат жана жеңе берет»,- деди.

Бардык кысымдарга карабастан университеттерде Израилдин геноцидине каршы реакциялардын уланып жатканына көңүлдөрдү бурган Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Бир тараптан баскынчы жана баскынчы өздүгүнө геноцид сыяктуу чоң уятты да кошкон Израилге, Израилди колдогон эл аралык Батыш системасына карабастан Испания, Норвегия жана Ирландиянын Палестина мамлекетин тааный турганын жарыялашты. Бул окуялар бизге бардык кысым жана коркутуу аракеттерине карабастан жалган маалыматка каршы күрөштү аягына чейин чечкиндүүлүк менен улантышыбыз керектигин ачык көрсөтүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар