Фахреттин Алтун : "Түркия глобалдык актер"

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун  Түркиянын эл аралык аброюн бекемдөө негизги максаттары экенин айтты.

2079507
Фахреттин Алтун : "Түркия глобалдык актер"

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун  Түркиянын эл аралык аброюн бекемдөө негизги максаттары экенин айтты.

Алтундун жетекчилигинде президенттик комплексте Коомдук дипломатияны координациялоо кеңешинин жыйын өттү.

Жыйында сөз сүйлөгөн Фахреттин Алтун президент Эрдоган жүргүзгөн лидерлик дипломатиянын эффективдүү экенине басым жасап : «Негизги максатыбыз Түркиянын эл аралык аброюн бекемдөө, Түркияга каршы системалуу түрдө жүргүзүлүүгө аракет кылынган жалган маалымат кампанияларына каршы күчтүү, эффективдүү байланыш ыкмаларын, каршы стратегияларды чыгаруу жана Түркия Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо», - деди.

Түркиянын  союздаш, экономикалык актер, тартуу борбору катары жолун уланткандыгын баса белгилеген Алтун : "Бир тараптан урматтуу президентибиз жүргүзгөн лидерлик дипломатиясы менен кризистердин чечилишинде Түркия эффективдүү ортомчулук кылган актер болууда. Биздин эң маанилүү мүмкүнчүлүктөрүбүздүн бири – президентибиздин көптөгөн эл аралык актерлор менен диалогун улантып, бул жерде эффективдүү дипломатиялык иш-аракеттерди жүргүзүүсү",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар