Террор менен күрөш уланууда

Түрк куралдуу күчтөрү террористтердин уюктарын жок кылууну улантууда.

2073377
Террор менен күрөш уланууда

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 8 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү «Террорист кайда болсо, биздин бутабыз ошол жер!» урааны менен террористтердин уюктарын жок кылууну улантууда.

Улуттук Коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган ПККга мүчө 8 террористтин абадан операция менен жок кылынганын кабарлады.

Билдирүүдө аймакта бир дагы террорист калмайынча операциялардын чечкиндүү түрдө улана турганы баса белгиленди.

Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берген.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Түрк аскерлеринин чечкиндүү операцияларынын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 3 ПКК террористи Хабурдагы чек ара бекетибизге багынып беришти»,- деп айтылган.

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында болсо жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан таасирсиз кылынган.



Тектеш кабарлар