Эрдоган Грецияга барат

Эрдоган Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен жолугушат.

2073094
Эрдоган Грецияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган бир күндүк иш сапарынын алкагында эртең Грецияга барат.

Эрдоган Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен жолугушат.

Жолугушууларда Түркия-Греция карым-катнаштарында «Win-Win» принцибинин алкагында таштала турган кадамдар каралат.

Эрдогандын Афинага сапарында эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелер да күн тартибине коюлуп, ар түрдүү тармактарда кызматташууга пайдубал түптөй турган жол картасы түзүлөт.



Тектеш кабарлар