Газадан эвакуацияланган түрктөр

Каир аэропортунан учкан Түрк аба жолдорунун учагы Стамбул аэропортуна конду.

2072057
Газадан эвакуацияланган түрктөр

Израилдин кол салууларынан улам Газадан эвакуацияланган 142 түрк жараны жана үй-бүлө мүчөлөрү Египет аркылуу Стамбулга келишти.

«Рефах» чек ара бекетинен Египетке өткөн түрк жарандарын ташыган жана Каир аэропортунан учкан Түрк аба жолдоруна таандык учак Стамбул аэропортуна конду.

Аэропорттон жарандарды Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) кызматкерлери тосуп алышты.

Паспорттук текшерүүдөн кийин айрым жарандар бөлүнгөн унаалары менен аэропорттон жөнөп кетишти, ал эми башка облустарга бара турчулар автобустар менен AFAD тарабынан аныкталган мейманканаларга жайгаштырылды.

Стамбулга келген жарандарды тосуп алган айрым үй-бүлө жакындары көз жашын тыя албай жатышты.



Тектеш кабарлар