Фидан Брюсселде эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Жолугушууларда Газадагы акыркы абал жана Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси талкууланды.

2070098
Фидан Брюсселде эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде жана Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем менен жолугушту.

Хакан Фидан НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Министр Фидан Столтенберг жана кесиптештери менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууларда Газадагы акыркы абал жана Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси талкууланды.



Тектеш кабарлар