Газадан эвакуацияланган түрктөр

«Рефах» чек ара бекетинен Египетке өткөн 27 ТКТР жана 60 түрк жаранын ташыган, Каир аэропортунан учкан Түрк аба жолдорунун учагы Стамбул аэропортуна конду.

2066664
Газадан эвакуацияланган түрктөр

Израилдин кол салууларынын себебинен Газадан эвакуацияланган дагы 87 Түрк жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) жараны Египет аркылуу Стамбулга келишти.

«Рефах» чек ара бекетинен Египетке өткөн 27 ТКТР жана 60 түрк жаранын ташыган, Каир аэропортунан учкан Түрк аба жолдорунун учагы Стамбул аэропортуна конду.

Түрк жана Түндүк Кипр жарандарын аэропортто Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) кызматкерлери тосуп алышты.

Паспорттук текшерүүдөн кийин айрым жарандар автобустар менен аэропорттон жөнөп кетишти. Ал эми Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары жана жашаган жери башка облустарда болгондор AFAD тарабынан белгиленген мейманканаларга жайгаштырылды.



Тектеш кабарлар