Түркиядан Непалга көңүл айтылды

Ирактын түндүгүндөгү Хакуркка карай абадан жүргүзүлгөн операцияда арасында жооптуу террористтер да болгон 15 бута жок кылынды.

2060385
Түркиядан Непалга көңүл айтылды

 

Түркия Непалдагы жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жер титирөөдө каза болгондордун жана жаралангандардын көп болгону кайгыруу менен угулганы билдирилди.

Билдирүүдө, «Биз Непалдын дос өкмөтүнө жана элине көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,делди.

Непалдын Улуттук чукул операция борборунун кызматкерлери, эпицентри Непалдын Жумла аймагынан 42 километр түштүктө болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө 157 кишинин каза болгонун жана көп сандаган кишинин жараланганын билдирди.



Тектеш кабарлар