Жакынкы Чыгыштагы тынчтык аракеттери үчүн Түркияга ыраазычылык

Түркия Армян Патриархаты жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2056007
Жакынкы Чыгыштагы тынчтык аракеттери үчүн Түркияга ыраазычылык

Түркия Армян Патриархаты: «Жакынкы Чыгыштагы согуш жана кагылышуу чөйрөсүндө тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу аракети үчүн Түркия Республикасына ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

Патриархаттын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Жакынкы Чыгышта адамдарды кайгы жана азапка салган окуяларга күбө болуп жаткандары маалымдалып:

"/•••/. Кандай себеп болбосун согушта жана кагылышууларда бейкүнөө жарандардын үйлөрүн, сыйынуучу жайларды, мектептерди, ооруканаларды жана карылар үйлөрүн бутага алуу менен бардык курактагы адамдардын жашоо укугуна каршы жасалган бузууларды кабыл алуу мүмкүн эмес. Адамдардын кайгысын жана көз жашын актоо же коргоо мүмкүн эмес. Биз мындай аракеттерди четке кагабыз жана айыптайбыз. Жакынкы Чыгышта согуш жана кагылышуу чөйрөсүндө тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу аракети үчүн Түркия Республикасына ыраазычылык билдиребиз, адамдардын тынчтыкта ​​бирге жашоосуна багытталган аракеттерди колдойбуз, бул аракеттердин ийгиликтүү жана жемиштүү болушу үчүн дуба кылуудабыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар