Эрдоган Уганданын президенти менен сүйлөштү
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
2054075
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Уганданын президенти Йовери Мусевени менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Израиль-Палестина кагылышынын алкагындагы окуялар жана аймакта бейпилдиктин камсыздалышы үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Газада ок атышпоонун тез арада камсыздалышы үчүн бардык мамлекеттердин үндөрүн көтөрүшү керектигин жана кагылышуулардын дүйнө тынчтыгына коркунуч туудурганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.