Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө  премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.

2153995
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө  премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Президент Эрдоган да премьер - министр Пашинянды келе жаткан Вардавар – Азырети Исанын Кубулуу майрамы менен куттуктады.

Эрдоган акыркы убакта Армениянын түндүк аймактарында болгон сел апаатында каза болгондор үчүн Пашинянга көңүл айтты.

Сүйлөшүүдө эки лидер Түркия менен Армениянын ортосундагы мамилелерди  шартсыз толук жөнгө салуу боюнча саясий эрктерин баса белгилешти.

Эки өлкөнүн атайын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн улантылышынын маанисин баса белгилеген Эрдоган жана Пашинян ушул кезге чейин макулдашылган жагдайларды  ырасташты.

Лидерлер өзгөчө Түркия жана Азербайжандын жогорку мартабалуу жетекчилеринин ортосунда уланып жаткан диалогду ыраазычылык менен кабыл алды жана аймактагы акыркы абалдар менен эл аралык күн тартибин да карап чыгышты.



Тектеш кабарлар