Израилде ТРТ командасына оозеки кол салуу болду

Израилде басма сөз кызматкерлерине карата чектөөлөр артып, провокацияларын улантып жаткан фанатик еврейлер да басма сөз кызматкерлеринин иши аткаруусуна тоскоол болууда.

2153861
Израилде ТРТ командасына оозеки кол салуу болду

Израилде басма сөз кызматкерлерине карата чектөөлөр артып, провокацияларын улантып жаткан фанат еврейлер да басма сөз кызматкерлеринин ишин аткаруусуна тоскоол болууда. 

Израилде палестиналык каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас менен туткундарды алмашууну талап кылган миңдеген митингчилер премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун резиденциясынын алдында  чогулушту.

Нетаньяхуну колдогон бир провокатор нааразычылык акциясын жеринде изилдеген Түркиянын радио жана телекөрсөтүү мекемесинин кызматкрелерине  оозеки кол салды.

Израилдик провокатор ТРТнын камераларын колу менен жабууга аракет кылып, андан кийин жердеги  баннерди алып камеранын  тартуусуна тоскоол болду. 

ТРТнын басма сөз кызматкерлери мындан мурда да  өз милдетин аткарып жатып Израилдин физикалык кийлигишүүсүнө дуушар болгон.

Апрель айында Израиль Газанын борбордук бөлүгүндөгү Нусайрат качкындар лагеринде TРТ Aраби командасына кол салган. Кол салууда ТРТ Араби оператору Сами Шехаде оор жаракат алып, оң буту кесилди. 

Израиль полициясы басып алынган Чыгыш Кудста ишин аткарган  ТРТ командаларын да тез-тез бутага алууда.  Ноябрь айында Месжид  -  и Аксада  түз эфирге чыгып жаткан ТРТнын командасына бөгөт коюп, ТРТнын камерасын талкалады.

ТРТ бир гана физикалык эле кийлигишүүгө дуушар болбостон, Израиль басма сөзү тарабынан да бутага алынууда. Мунун акыркы мисалы май айында чыр  - чатактуу кабар менен Канал  14 телеканалында болду. 

 

 

 



Тектеш кабарлар