АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугугун алдында нааразылык акциясы өттү

Кечинде Сарыердеги АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугунун алдына чогулган митингчилер Газага жасалган кол салууларга реакция көрсөтүштү.

2053001
АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугугун алдында нааразылык акциясы өттү

Израилдин Газадагы аль-Ахли баптист ооруканасына  бомбалуу кол салуусуна Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Стамбулдагы башкы консулдугунун алдында нааразылык акциясы өткөрүлдү.

Кечинде Сарыердеги АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугунун алдына чогулган митингчилер Газага жасалган кол салууларга реакция көрсөтүштү.

Чогулган топ АКШ жана Израилге каршы ураандарды чакырып, кол салууларда каза болгондор үчүн дуба кылышты жана Куран окушту.

Сөз сүйлөөлөрдө АКШ баскынчы Израиль режиминин колдоочусу жана шериги экени баса белгиленди.

Газада оорукананы бутага алган кол салууда көптөгөн коргоосуз бейкүнөө кишинин каза болгондугуна көңүл бурулуп, палестиналыктарга тилектештик билдирүүлөрү берилди.

Израиль мурдагы кечинде Газанын борборундагы аль-Ахли баптист ооруканасын бомбалап, кыргында 471 карапайым киши каза болгон.

Израилдин 7-октябрда башталган кол салууларында 3 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 12 миң 500дөн ашуун палестиналык жараланды.



Тектеш кабарлар