Австриянын канцлери Түркияга келет
Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен ишке аша турган сапар 9-10-октябрды камтыйт.
2048432
![Австриянын канцлери Түркияга келет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1913/ad41/438b/65240929e362a.jpg?time=1719010164)
Австрия Республикасынын канцлери Карл Нехаммер расмий сапар менен Түркияга келет.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен ишке аша турган сапар 9-10-октябрды камтыйт.
Сапардын алкагында өткөрүлө турган жолугушууларда Түркия менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралып, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.
Жолугушууларда эки тараптуу мамилелерден тышкары актуалдуу глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышуу да көздөлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719010164)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.