Аль Нахайян-Эрдоган сүйлөшүүсү

БАЭнин расмий агенттиги WAMдагы кабарга караганда Аль Нахайян президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2044791
Аль Нахайян-Эрдоган сүйлөшүүсү

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян борбор шаар Анкарадагы террордук кол салуудан кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып, өлкөсүнүн Түркия менен тилектеш экенин билдирди.

БАЭнин расмий агенттиги WAMдагы кабарга караганда Аль Нахайян президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Аль Нахайян сүйлөшүүдө БАЭнин Түркия жана боордош түрк эли менен тилектеш экенин баса белгиледи.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Аль Нахайян терроризмдин бардык түрлөрү менен күрөшүү үчүн биргелешкен эл аралык күч-аракеттер көрүлүшү керек экенин билдирди.

Кол салууда жаракат алган коопсуздук кызматкерлеринин тезирээк сакайып кетишин каалаган БАЭнин президенти Түркиянын жана боордош түрк элинин ар кандай жамандыктардан аман-эсен болушун тиледи.



Тектеш кабарлар