Түрк аба жолдору Италияга кээ бир каттамдарын токтотту

THY басма сөз кеңешчиси Яхья Үстүн социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2043532
Түрк аба жолдору Италияга кээ бир каттамдарын токтотту

Түрк аба жолдорунун (THY) Италияга кээ бир каттамдары эртең бул өлкөнүн жалпысында боло турган иш таштоодон улам эки тараптуу түрдө токтотулду.

THY басма сөз кеңешчиси Яхья Үстүн социалдык медиа баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Италиядагы иш таштоонун себебинен бүгүнкү TK 1877 Стамбул-Милан жана эртеңки TK 1878 Милан-Стамбул, TK 1873 Стамбул-Милан жана TK 1874 Милан-Стамбул каттамдарынын ишке ашырылбай турганын кабарлады.



Тектеш кабарлар