Эрдоган жаңы конституцияга басым жасады

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Жаңы Конституция симпозиумуна катышты.

2036386
Эрдоган жаңы конституцияга басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, адамдарга артыкчылык берген, улуттун көп түрдүүлүгүн жана байлыгын чагылдырган, коомдон артта калган эмес коомго динамизм кошкон конституцияны максат кылгандарын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Жаңы Конституция симпозиумуна катышты.

Өлкөгө жарандык, демократиялык, либералдуу жана камтуучу жаңы конституция берүү максатынан кайтпагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Түркия кылымы максатыбыздын элементтеринин бири болгон жаңы конституцияны улутубузга алып келмейинче иштөөнү, аракет кылууну жана күрөшүүнү эч качан токтотпойбуз»,-деди.

Учурдагы конституциянын бардык өзгөртүүлөр менен муктаждыктарды канааттандыруудан алыс калганына басым жасаган Эрдоган, бул конституция менен жашоону улантуунун саясат үчүн да, өлкө үчүн да оор жүккө айланганын айтты.

Президент Эрдоган: «Биз адамдарга артыкчылык берген, улуттун көп түрдүүлүгүн жана байлыгын чагылдырган, коомдон артта калган эмес коомго динамизм кошкон Конституцияны максат кылып жатабыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Мен бардык саясий партияларга, жарандык коомго жана академия мүчөлөрүнө кайрылам, келгиле эң идеалдуу конституциялык текстти табуу үчүн сүйлөшөлү, талкуулайлы жана кеңешели»,-деди.

Жаңы Конституциянын максаты тууралуу президент: «Парламенттеги бардык топтор менен сүйлөшүп, жолугабыз. Эгер алар позитивдүү карашса жолубузду улантабыз. Элдик альянс катары биз буга даярбыз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар