Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү.

2031808
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Жикчил террордук уюм ПКК тарабынан кол салуу жана саботаж кылуу максатында машыктырылган «Резан Ботан» каймана аттуу Резан Гүнген Ирактын Сүлеймание айылына жүргүзүлгөн операцияда таасирсиз кылынды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Улуттук чалгындоо уюму (MIT), Түркияга каршы кол салуу жасашы мүмкүн болгон террористтердин арасында орун алган жана уюм тарабынан машыктырылган террорист Гүнгендин Ирактын Сулаймание аймагында жүргөнүн аныктады.

Жикчил террордук уюм ПКК тарабынан Сулаймание шаарынын элет жерине жайгаштырылган террорист Гүнгендин иш-аракеттерин чечмелеген Улуттук чалгындоо уюму, ПККнын атайын кыймылдарда колдонуу үчүн кол салуу/саботаж боюнча машырыктырган террорист Гүнгенди операция менен таасирсиз кылды.

Жакын туугандары "Мурат Ботан" каймана аттуу Бехлүл Гүнген жана "Рукен Ботан" каймана аттуу Гүлер Гүнген да таасирсиз кылынган террорист Резан Гүнгендин Ирактагы Махмур лагерине барганы, уюмдун жаштар структурасында жүргөнү жана уюштуруу иштерине катышкандыгы аныкталды.



Тектеш кабарлар