Эрдоган: "Түркия өз кадамдары менен атын чыгарууда"

Эрдоган Стамбулда Аскер деңиз академиясынын диплом жана туу тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

2031523
Эрдоган: "Түркия өз кадамдары менен атын чыгарууда"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия аскердик, дипломатиялык, экономикалык жана саясий кадамдары менен атын чыгарууда»,-деди.

Эрдоган Стамбулда Аскер деңиз академиясынын диплом жана туу тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган Түркиянын, согуштар жана тирешүүлөр болуп жаткан аймакта ырааттуулуктун эстелиги катары жылдызы жанып турган өлкө экенин айтты.

Эрдоган: «Дүйнөнүн эң стратегиялык эки суу жолу болгон Босфор жана Чанаккале кысыктарына ээбиз. Орусия-Украина ортосунда чыккан кагылышуулар менен бирге бүткүл адамзат Кара деңизге байкоо салууда. Жер Ортолук деңизи критикалык ролдон тышкары глобалдык соодада энергия булактары менен алдыга чыгууда. Бир кылым мурда чоң күчтөрдүн атаандаштык аянты болгон аймагыбыз бүгүнкү күндө да ошол эле күрөштөргө күбө болууда. Каос жана белгисиздик күчөгөн теңдемеде Түркия аскердик, дипломатиялык, экономикалык жана саясий кадамдары менен атын чыгарып жатат»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын согуштук кеме технологиясында да өз кемесин долбоорлой алган, өнүктүрө алган, кура алган жана тейлей алган 10 өлкөнүн бири экенин белгилеп: «Апрель айында ишке киргизген флотубуздун флагманы TCG Anadolu менен бул тармакта жаңы лигага көтөрүлдүк. Байрактар ​​TB3 SİHA, KIZILELMA жана HÜRJET жеңил чабуулчу учактарыбыз конуп уча ала турган SİHA кемесине ээ болдук»,-деди.



Тектеш кабарлар