Президент Эрдогандын 30-август жеңиш майрамына карата куттуктоосу

Президент Эрдоган 30-август Жеңиш майрамынын 101 жылдыгынан улам куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

2030832
Президент Эрдогандын 30-август жеңиш майрамына карата куттуктоосу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 30-август Башкы командирлик Майдан согушунун түрк улутунун кылымдар бою улантып келе жаткан түбөлүктүүлүк күрөшүндөгү эң маанилүү бурулуш чекиттеринин бири болгонун белгиледи.

Президент Эрдоган 30-август Жеңиш майрамынын 101 жылдыгынан улам куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

30-август Башкы командирлик Майдан согушунун түрк улутунун кылымдар бою улантып келе жаткан түбөлүктүүлүк күрөшүндө эң маанилүү бурулуш чекиттердин бири болгонун белгилеген Эрдоган: «Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн сөзү менен 30-август Жеңиши түрк армиясынын, түрк офицерлеринин жана командалык курамынын жогорку күчүн жана баатырдыгын тарыхта дагы бир жолу аныктаган чоң жеңиш»,-деп айтты.

«Түрк улутунун эркиндик жана эгемендүүлүк идеясынын өлбөс эстелиги» болгон бул жеңиш менен улуттун өз эрктүүлүгүн сактап, эгемендигине жана келечегине көлөкө түшүрбөй турганын бүт дүйнөгө жар салганына басым жасаган Эрдоган: «Элибиздин эң негизги өзгөчөлүгү болгон эркиндик сүйүүсү, бүгүнкү күндө да өзүнүн бар болушун абдан күчтүү түрдө улантууда. Соңку жылдарда жашообузга багытталган кол салууларга улутубуздун жообу, өзгөчө 15-июлдагы чыккынчылыкка (2016-жылдагы ФЕТӨ төңкөрүш аракети) каршылыгы бул эрктин канчалык күчтүү жана туруктуу экенин көп жолу көрсөттү»,-деди.

Эрдоган: «Алдыбыздагы мезгилде таштай турган жаңы кадамдарыбыз менен өлкөбүздүн күчүн бекемдеп, Түркияны заманбап цивилизациялар деңгээлинин үстүнө жогорулатабыз»,-деди.

Эрдоган билдирүүсүндө Республиканын негиздөөчүсү, Чоң чабуулдун башкы командири Гази Мустафа Кемалды жана анын куралдаштарын ыраазычылык менен эскерип: «Баардык шейиттерибизге жана ардагерлерибизге Аллахтан ырайым тилейм. 30-август Жеңиш майрамыбыз куттуу болсун»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар