Куртулмуштун 30-августка карата куттуктоосу

Куртулмуш социалдык медиа баракчасынан жарыялаган куттуктоосунда, 30-август Жеңиш майрамынын 101 жылдыгын сыймыктануу менен белгилеп жаткандарын айтты.

2030923
Куртулмуштун 30-августка карата куттуктоосу

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш 30-августтун түрк улуту үчүн мекен сүйүүсү менен кайрадан жаралуунун жана бул жерлерде түбөлүк эркин жашай турган күн экенин белгиледи.

Куртулмуш социалдык медиа баракчасынан жарыялаган куттуктоосунда, 30-август Жеңиш майрамынын 101 жылдыгын сыймыктануу менен белгилеп жаткандарын айтты.

30-август жеңиш майрамына карата Куртулмуш:

«30-август - мекени, туусу, келечеги үчүн "Же эркиндик же өлүм" деген ата-бабаларыбыздын баатырдык дастаны. 30-август биз үчүн мекен сүйүүсү менен кайрадан жаралуунун жана бул жерлерде түбөлүк эркин жашай турган күн. Аллахка чексиз мактоолор болсун, тарыхтын эч бир доорунда туткундукту кабыл албаган элибиздин мындан бир кылым мурда бүткүл дүйнөгө көрсөткөн бул позициясы бүгүнкү күндө «Күчтүү жана Улуу Түркия» жолунда жападан жалгыз таянычыбыз жана дем булагыбыз болуп саналат. Бул сыймыктануу күнүндө Улуу чабуулдун башкы командири Гази Мустафа Кемал Ататүрктү, анын баатыр жолдошторун жана бул жерлерди эзелтеден түбөлүккө мекен кылган бардык шейиттерибизди таазим кылып эскеремин»,-деди.

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да 30-август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата куттуктоо жарыялашты.



Тектеш кабарлар