Хелез: "Босния-Герцеговина меннеТүркиянын карым-катнаштары көз арта тургандай деңгээлде"

Босния-Герцеговинанын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Хелез Түркиянын Сараеводогу элчиси Садык Бабүр Гиргин менен жолугушту.

2025109
Хелез: "Босния-Герцеговина меннеТүркиянын карым-катнаштары көз арта тургандай деңгээлде"

Босния-Герцеговинанын коргоо министри Зукан Хелез Босния-Герцеговина менен Түркиянын карым-катнаштарынын көз арта тургандай деңгээлде экенин айтты.

Босния-Герцеговинанын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Хелез Түркиянын Сараеводогу элчиси Садык Бабүр Гиргин менен жолугушту.

Хелез өткөн айда Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкеси (IDEF'23) үчүн Түркияга келгенин жана өлкөдөн ыраазы болуп кайтканын айтты.

Босния-Герцеговина менен Түркиянын карым-катнаштарынын көз арта тургандай деңгээлде экенин белгилеген министр Хелез, НАТОго мүчөлүк жолунда Түркиянын өлкөсүнө көрсөткөн колдоосунун маанисине көңүл бурду.

Элчи Гиргин да Хелездин Түркиянын өнүккөн коргоо өнөр жайын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна кубанганын билдирип, Босния- Герцеговинага аскердик-финансылык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар бардык тармакта жардам берүүгө даяр экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар