Байкардын Сауд Арабияга экспорту

АКШнын алдыңкы коргоо өнөр жай басылмаларынан Breaking Defence кабарында, Байкардын Сауд Арабияда кол койгон коргонуу жана аэрокосмостук экспорт келишиминин маанисине көңүлдөрдү бурду.

2023485
Байкардын Сауд Арабияга экспорту

Байкардын Сауд Арабияга экспорту Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) да жаңырды.

АКШнын алдыңкы коргоо өнөр жай басылмаларынан Breaking Defence кабарында, Байкардын Сауд Арабияда кол койгон коргонуу жана аэрокосмостук экспорт келишиминин маанисине көңүлдөрдү бурду.

Байкардын башкы директору Халук Байрактар, Breaking Defence гезитине берген маалыматында, Байкардын «муз жаргыч» сыяктуу алга жылганын жана түрк коргоо өнөр жай ишканаларына жол ачканын белгилеп: «Кызматташуу өнөктөштөрүбүз Аселсан жана Рокетсан да технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша NCMS менен келишим түзүштү. Бул келишимдердин негизинде түрк коргоо жана аэрокосмостук өнөр жай тармагында чакан системаларды чыгарган жүздөгөн фирмалар экспорт портфелдерин бул тармакта жаңы кызматташтыктар менен кеңейтет»,-деп баа берди.

​​Акыркы келишим менен бирге Сауд Арабиянын Аскердик өнөр жайынын Акынжынын тетиктеринин жергиликтүү өндүрүшүнө жардам бере турганын маалымдаган Байрактар: «Ушул алкакта көп жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан изилдеп өнүктүрүү иштеринде жетишилген маалымат жана тажрыйбабызды бөлүшүп технологиялык трансферттерди ишке ашырабыз. Бул келишимдер Сауд Арабиянын технологияны иштеп чыгуу жана өндүрүүнү локалдаштырууну максат кылган Көз караш-2030 долбооруна да олуттуу салым кошот деп ишенем»,-деди.

Байрактар ​​эки өлкөнүн биргелешкен аракеттеринин аймактык жана глобалдык ырааттуулукка салым кошоруна ишенгенин билдирди.

Breaking Defenceтин макаласында пикирлери орун алган адистер, Байкар кол койгон келишимдердин Түркия менен Сауд Арабиянын коргоо өнөр жайларынын ортосунда узак мөөнөттүү карым-катнашты түзөрүн, бул абалдын коргоо өнөр жай тармагында Түркиянын Перс булуңундагы башка өлкөлөр менен кызматташуусун арттыра турганын баса белгилешти.



Тектеш кабарлар