Эрдоган: «Түркия боюнча 6,5 миллион турак-жайды ылдам түрдө трансформациялайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кахраманмараш шаардык трансформация үчүн массалык пайдубал түптөө аземине Президенттик комплекстен түз байланыш аркылуу катышты.

2022915
Эрдоган: «Түркия боюнча 6,5 миллион турак-жайды ылдам түрдө трансформациялайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, шаар трансформациясына байланыштуу Түркия боюнча 6,5 миллион турак-жайды ылдам түрдө трансформациялоону максат кылгандарын айтты.

Кахраманмараш шаардык трансформация үчүн массалык пайдубал түптөө аземине Президенттик комплекстен түз байланыш аркылуу катышкан Эрдоган, сөзүндө кылымдын апааты деп сыппатталган очогу Кахраманмараш болгон 6-февралда жер титирөөдөн жабыркаган облустарда биринчи жылы 319 миң үй куруп, ээлерине тапшырууну максат кылгандарын айтты.

Мындан тышкары жер титирөөдөн зыян тарткан шаарларга өкмөт катары шаар аянттарын кура тургандыктарын айткан Эрдоган:« Ушуну менен биз ар бир шаарыбызда кылымдар бою жашай турган борборго ээ болобуз. Жер титирөөдөн кыйраган шаарларыбызды инфраструктурасы жана надстройкалары менен дагы кереметтүү, дагы чыдамдуу жана кенен курабыз»,-деди.

Баштан өткөн ар бир апааттын көрүлүшү керек болгон чараларды эске салганын айткан Эрдоган, бул иш-чаралардын эң башкысы албетте шаар трансформациясы экенин баса белгиледи.

Президент Эрдоган: «Түркия боюнча 6,5 миллион турак-жайды ылдам түрдө трансформациялоону максат кылуудабыз. Муну бүтүргөнүбүздө шаарларыбыз кооз жана жер титирөөгө даяр болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар