Фидан менен Байрамов Куранга кол салууларга байланыштуу билдирүү жасашты

Хакан Фидан Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен борбор шаар Анкарада өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Куранга кол салууларга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирди.

2018268
Фидан менен Байрамов Куранга кол салууларга байланыштуу билдирүү жасашты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Дания менен Швециядагы Куранга кол салууларга байланыштуу эки өлкөнүн бул провокациялардын зыянын көрө баштаганын айтты.

Хакан Фидан Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен борбор шаар Анкарада өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында, Куранга кол салууларга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн уланганын билдирди.

Ислам өлкөлөрү менен координацияларынын уланып жатканын маалымдаган Фидан: «Түркиянын жүргүзгөн дипломатиясы олуттуу аң-сезимди жаратып, чечим табууга жакшы үлгү деп ойлойбуз. Эң негизгиси ИКУ (Ислам Кызматташтык Уюму) өлкөлөрүнүн биргелешкен иш-аракеттерин улантуусу. ИКУ бүгүн онлайн жыйын өткөрөт, мен да катышам. Бул маселенин олуттуулугун тараптар түшүнүп жатышат. Дания менен Швеция бул провокациялардын зыянын көрө баштады. Ушул процессте керектүү иштерди жасоону улантабыз»,-деди.

Байрамов болсо Куранга кол салууларга байланыштуу: «Биз мусулмандардын сезимдерин жаралаган бул мамилени айыптайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар