Хакан Фидан Венгрияда
Министр Фидан Венгриянын борбор шаары Будапешттеги Галисия түрк көрүстөнүнө зыярат кылып, атайын шейиттик китебине кол койду.
![Хакан Фидан Венгрияда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f1ed/769b/a26e/64c3bc4c62d08.jpg?time=1719083386)
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Венгриядагы Галисия түрк көрүстөнүнө зыярат кылды.
Министр Фидан Венгриянын борбор шаары Будапешттеги Галисия түрк көрүстөнүнө зыярат кылып, атайын шейиттик китепчесине кол койду.
Фидан атайын китепчеге жазган билдирүүсүндө, бүгүн Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 109 жылдыгы экенин жана Венгрияга бул биринчи эки тараптуу визитинин алкагында Галисия фронту шейиттерин эскерип жатканына абдан сыймыктанганын баса белгиледи.
Министр Фидан билдирүүсүндө: «Баатыр жоокерлерибиз согуштун эң оор фронтторунан Галисияда салгылашып, Алла Тааланын алдындагы эң бийик даражалардын бири болгон шейиттик даражага көтөрүлүштү»,-деди.
Фидан өз билдирүүсүн Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана башка бардык баатырларды, өзгөчө шейиттерди Республиканын 100 жылдыгында урмат-сый жана ыраазычылык менен эскерип аяктады.
Тышкы иштер министри Фидандын бүгүн Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сиярто менен жолугушуп, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719083387)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.