Эрдогандын сапары Сауд Арабиянын басма сөзүндө

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Сауд Арабия сапары Сауд медиасында кеңири чагылдырылып, эки өлкөнүн ортосундагы «тарыхый бир туугандык» карым-катнаштарына басым жасалды.

2012784
Эрдогандын сапары  Сауд Арабиянын басма сөзүндө

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Сауд Арабия сапары Сауд медиасында кеңири чагылдырылып, эки өлкөнүн ортосундагы «тарыхый бир туугандык» карым-катнаштарына басым жасалды.

Эрдогандын сапары Сауд Арабиянын SPA маалымат агенттиги баш болгон көптөгөн гезиттерде орун алды.

SPA агенттигинде Сауд Арабия менен Түркиянын ортосунда 1929-жылы кол коюлган «Мухаденет келишими» (Достук келишими) негизинде тарыхый жана күчтүү карым-катнаштар бар экени эске салынды.

Эки өлкөнүн географиялык абалынан улам карым-катнаштардын өнүгүп, өскөндүгү белгиленген кабарда, эки өлкөнүн лидерлеринин өз ара сапарлары карым-катнаштардын күчтүүлүгүн көрсөткөнү баса белгиленди.

«Указ» гезити эки өлкөнүн аймактагы маанилүү ролуна токтолуп, эки лидер эки тараптуу карым-катнаштарды бир туугандык негизде жана аймактын элдеринин кызыкчылыгына кызмат кыла тургандай өнүктүрүүгө чечкиндүү экендиктерин билдирген.

«Аль-Мадине» гезити президент Эрдогандын Жиддага кеткенин Твиттерде «Түрк президенти Сауд Арабияда» деген хештег менен жарыялады.

«Сабк» гезити интернет баракчасында: «Түркия менен Сауд Арабиянын аймактык жана эл аралык салмагы бар. Эки мамлекет тең Жакынкы Чыгыштагы коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн тирөөчтөрү»,деген сөздөргө орун берилди.

Гезит Түркия менен Сауд Арабиянын тең салмактуу жана эффективдүү ролу менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактап жатканына жана дүйнөнүн эң чоң экономикаларын камтыган Чоң жыйырмалыктын мүчөсү болгонуна көңүлдөрдү бурду.

«Сабк» гезити Эрдогандын сапарынын эки тараптуу карым-катнаштарды дагы да илгерилете турганына басым жасады.



Тектеш кабарлар