Мицотакис : "Мигранттар маселеси үчүн Европа Биримдиги Түркияга жардам бериши мүмкүн"

Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис Европа Биримдиги  мигранттар маселеси менен күрөшүү үчүн Түркияга жаңы экономикалык колдоо көрсөтө ала турганын белгиледи.

2005706

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин лидерлер саммитинен кийин басма сөзгө маалымат берген Мицотакис НАТО саммитинин алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен ушул айда Литванын борбор шаары Вильнюста жолугуша турганын белгилеп, Түркия - Европа Биримдиги карым - катнаштарынын алкагын жаңы бир негизге жайгаштырууну ойлогондугун айтты.

Мицотакис акыркы мезгилде мыйзамсыз  мигранттарды ташыган кемелерге жолго чыкпастан тоскоол болуу боюнча  түрк жетекчилери менен дагы жакшы кызматташуу ичинде экендигине көңүлдөрдү буруп : "Түркиянын качкындар маселеси менен күрөшүүдө өнөктөш болушу керектигин бир канча жолу айттым. Бир тараптан Европа Биримдиги Түркияны колдоо үчүн миллион евро берди жана дгы көп бериши мүмкүн. Европа Биримдигинин жылдык бюджетинин кайрадан реструктуризациясында Түркиянын келечекте  колдоого алынышы үчүн кошумча берене болушу мүмкүн".

Тектеш кабарлар